Молдомуса Конгантиев

Туулган жылы - 1958-жыл, 31-март

Туулган жери - Жалал-Абад облусу, Майлуу-Сай шаары

Билими: 1989-жылы – Кыргыз Мамлекеттик университетин бүткөн.

2009-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти болгон.

Эмгек жолу:

1979-80-жылдары Майлуу-Сай шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу мамлекеттик банктын күзөт бөлүмүндө милиционер;

1980-85-жылдары Майлуу-Сай шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүндө милиционер.

1985-91-жылдары Өзгөн, Кара-Суу, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмдөрүндө инспектор, нөөмөтчү улук оперуполномочен, СССР ИИМдин регион аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүндө улук оперуполномочен;

1991-93-жылдары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн начальниги;

1993-1995-жылдары – оперативдик иштер боюнча башкармалыктын орун басары;

1995-98-жылдары – Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында издөө бөлүмдүн башчысы;

1998–99-жылдары – Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө орун басар;

1999–2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын Ички иштер минстрлигинин регион аралык башкармалыгында бөлүм башчы;

2000–01-жылдары – Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө орун басар;

2001–02-жылдары – Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө башчы,

2002–05-жылдары – Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы;

2005–08-жылдары – Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы;

2008–10-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

2022-жылы 12-февралда дүйнө салган.

Биздин партнерлер