Жалпы маалымат

Көкбөрү тууралуу уламыштар

“Көк бөрү” оюнунун жаралышы алыскы тарыхка барып такалып, тамыры терең. Көчмөндөр коомунда эркектер элди тамак аш менен камсыз кылуу максатта ууга чыгып, мал жандыктар аксакал, аялдар жана жаш балдардын карамагында калган. Ошол учурда карышкырлар айылга кирип келип, малдарды кырып, айыл элине коптөгөн кыйынчылыктарды алып келген күндөр арбын болгон. Аңчылыктан кайтып келген эр жигиттер мындай көрүнүшкө жини келип, чымыр, шамдагай, күлүк аттары менен карышкырлардын үйүрүнө ууга чыгышкан.

Үйүрдү кубалап жеткен соң, качып бараткан карышкырды жерден эңип, бири бирине ыргытышып, кайра бөрүнү талаша бири-биринин колунан жулушуп ойношкон.

Алыскы доордо оюндун негизги багыты, жоого даярданууга багытталган. Оюн учурунда аттарда, ат үстүндөгү эр жигиттер да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, топту жарып кирүүгө тарбияланат.

Көкбөрү жана спорт

Көкбөрүнү спорт катары ирээттештирүү маселеси 1995-жылда башталган. СССРдин эл артисти Болот Шамшиев жана кинорежиссер Темир Дүйшекеев тарабынан көкбөрү оюнунун эрежеси жазылып чыгып, тайказандын алгачкы модели куралган.

Дордой майданындагы алгачкы оюндар
Дордой майданындагы алгачкы оюндар

Ошол жылдары азыркы “Дордой” базарына жакын жерде атайын жер тилкеси берилип, жаңы аянттын долбоору салынган. Бул демилгеге ишкер Аскар Салымбеков өзгөчө салымын кошуп, 1996-жылдын 29-декабрында алгачкы болуп жаңы эреже менен көкбөрү оюну өткөн. Биринчи оюнга “Арашан” жана “Көк-Жар” айылынан команда келип, оюнду “Арашан” командасы 2:0 эсебинде утуп алган. 

Алгачкы Республикалык турнир

Көкбөрү спорту боюнча биринчи Республикалык турнир 1997-жылдын Нооруз турниринде өткөн.  Ага: “Көк-Жал – Дордой”, “Рассвет”, “Кожомкул”, “Таш-Билек”, “Бөрүлү”, “Энесай”, “Ысык-Ата”, жана Казакстандын Кордай районунан “Үмүт” командасы келип, жалпы сегиз команда катышкан. Алгачкы Республикалык ачык турнирде “Рассвет” командасы жеңүүчү болгон. Бул турнирден баштап коомдук ишмер Болот Шерниязов көкбөрүгө тыгыз аралаша баштаган.

"Рассвет" командасы
"Рассвет" командасы

 

Биздин партнерлер