Эл аралык ассоциациянын уставы

Эл аралык “көк-бөрү” ассоциациясы

2001-жылдын 10-ноябры Эл аралык көкбөрү ассоциациясынын түзүлгөн күнү катары жылнаамада калды. Бул күнү Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан өкүлдөр эл аралык ассоциацияны түзүшкөн. Эл аралык ассциациянын алгачкы президенти болуп Кайрат Сатыбалды шайланып, ал эми Болот Шерниязов ассоциациянын башкы катчысы болгон. Ассоциациянын башкы штабы Бишкек болуп, жылдар менен ага мүчө өлкөлөрдүн саны 16га жетти.

Эл аралык ассоциациянын алдында бир нече ири эл аралык турнир, чемпионаттар өтүп, анын ичинде Көчмөндөр оюндарын да кошсок болот.

2015-жылдан тарта Казакстан Эл аралык көкбөрү ассоциациянын штаб квартирасын Астана шаарына көчүрүү жана көкбөрү оюндарынын эрежесин өзгөртүү боюнча иштирди баштап, 2017-жылы бул ишти активдүү жүргүзө баштаган. Натыйжада 2017-жылы Ташкентте андан соң, Астана шаарында өткөн конферецияда Казакстан тарап көкбөрү оюнуна олуттуу өзгөртүүнү сунуштап, тайказандарды алып салууну демилгелеп, жыйынтыгында бул долбоор колдоого ээ болгон. Бул өзгөртүүлөргө карабай 2018-жылдагы жана 2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүнү тайказан менен ойноо уланып келе берди.

2023-жылы Кыргызстан Эл аралык көкбөрү ассоциациянын жыйынын Чолпон-Ата шаарында өткөрүп, ага – өлкө катышып, көкбөрүнүн эл аралык эрежеси калыбына келип, тайказандарды кайрадан алып келүү жана оюндарды үч таймдан өткөрүү чечимине катышуучу өлкөлөр тарабынан бир добуш менен колдоого алынган. Ал эми Эл аралык көкбөрү ассоциациясынын төрагасы болуп Кыргызстандан Курманкул Зулушев шайланса, ассоциациянын Башкы катчысы болуп Орусиядан Эркин Тузечинов бир добуш менен колдоого алынды.

 

Биздин партнерлер