Көкбөрү федерациясы

Көкбөрү федерациясы

1998-жылдан баштап көкбөрү спортун расмий юридикалык каттоо боюнча активдүү иштер башталган. Ал үчүн Чүй, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарында конферециялар өтүп, аймактарда уюштуруу иштери жанданган.

1998-жылдын 29-июнунда Бишкекте алгачкы курултай өтүп, Кыргыз Республикасынын Көкбөрү федерациясы түптөлгөн. Жыйында Шерниязов Болотбек Эсентаевич делегаттар тарабынан бир добуш менен Республикалык көкбөрү федерациясына президент болуп шайланган. Ал эми 1998-жылдын 11-августунда Көкбөрү федерациясы коомдук уюм катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өттү.

 

Алгачкы расмий чемпионаттар

1999-жылы Федерация көкбөрү боюнча расмий чемпионатты өткөрүп, ага Нарын, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарынан командалар катышкан. Жыйынтыгында Чүйдүн “Рассвет” командасы Кыргызстандын биринчи расмий чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.

2000-жылдан баштап КР Президентинин кубогу боюнча расмий турнилер өтүп баштаган. Биринчи Президенттин кубогун Таластын “Манас-Талас” командасы жеңген.

Файлдар

Биздин партнерлер