Жекеме-жеке оюнун эрежелери

ЖЕКЕМЕ-ЖЕКЕ ЭРЕЖЕСИ

 

  • ·         Жекеме жеке оюну диметри 10 метр болгон айлампанын ичинде ойнолот.

 

  • ·         Айлампанын ортосунда атайын белгиде улак ташталып, ал эми эки оюнчу, айлампанын ичиндеги сызылган чийимде (чийимге аттын буттары тийбей) бетме- бет туруусу шарт.

 

  • ·         Эгерде бир оюнчу калыстын белгисинен мурун атайын белгиден отуп кетсе, калыс ал оюнчуну оз тарабындагы чийимден откоруп, дароо эле оюнду баштай берет.

 

  • ·         Улак толугу менен айлампадан чыкканда эсеп саналып баштайт.

 

  • ·         Оюндун мооноту 4 минуттан эки тайм.

 

  • ·         Ортодо эс алуу убактысы 1 минут.

 

  • ·         Улак толук такымда болуп айлампадан чыгып кетсе ал оюнчуга 4 упай берилет.

 

  • ·         Эгерде улак толук басылгандан кийин аттандашы кармап, сыртты карай эки колдоп сүйрөп чыгып кетсе, улакты басып турган оюнчуга толук төрт упай берилбейт. Ага эки упай гана берилет. Оюнчу улакты көмкөрөсүнөн, көөдөндөн же бир шыйрагын басып, улак толук айлампадан чыкса 2 упай ыйгарылат. Ал эми мындай учурда атаандаш эки колдоп жармашып же тоскоолдук жаратканда улакчан оюнчуга 1 эле упай ыйгарылат.

 

  • ·         Бир колдоп улакка жармашкан оюнчуга, артыкчылык берилбейт. Ал эми улак басып чыккан адамга 4 упай эсептеле берет.

 

  • ·         Эңип туруп, такымга баспай айлампадан чыгып кетсе, бир упай берилет. Ошол эле учурда атаандашы бир колдоп болсо дагы улак тарабынан жармашып калса, экөөнө тең упай берилбейт. Ал эми жал аркылуу жармашса, улакчан оюнчуга бир упай ыйгарылат.

 

  • ·         Ат менен урдуруп жөн эле эндирбей тоскоол боло берсе, ал оюнчуга биринчи эскетүү берилет, кайталанса оюндан четтетилет.

 

  • ·         Оюнчуну улакты энип жаткан учурунда, ошол энилип жаткан тарабынан же бет мандай ат менен урдурса, ал оюнчуга калыс аркылуу дароо кызыл карточка берилет.

 

  • ·         Ал эми улакты такымга толук баскан учурда, атаандашы жал жагынан кол салып, тоскоолдук жаратканга карабай, улакчан оюнчуга 4 упай ыйгарыла берет.

 

  • ·         Эсептердин саны бир оюнчунуку экинчи оюнчудан 8 упайдан ашса, ал оюнчу автоматтык турдо женуучу аталат.

 

  • ·         Эгер бир оюнчу улака энкейип, улакты кармап ойдо турганга экинчи оюнчу тоскоол болуп, энип жаткан оюнчунун ээрине же атынын жалына жатып алса, ал оюнчунун эки буту тен узонгудо болууга шарт.

 

  • ·         Эгер бир же эки буту тен узонгудо болбосо, калыс оюнду токтотуп, оюнчун ээрге отуруусун талап кылат. Ал эми улак энген улакчы улакты тактакымга салбай, калыс атайын белги бергиче кутуп турушу керек.

 

  • ·         Эгер убакыттын бүтүшү менен эки оюнчунун упайлары тең болуп калса, Golden score (алтын упай) жарыяланат. Мындай учурда кайсы оюнчу алгачкы болуп упай алса, дароо жеңүүчү аталат.

Биздин партнерлер