Чолпон-Ата шаарынын ат майданы
Ипподромдун алгачкы курулуш тарыхы 1930-жылдарга барат. Ал учурда ипподромдун ордунда №54 жылкы заводу болгон.
2014-жылы ат майданды оңдоо иши болуп, I Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өткөн. 2016-жылы ипподромду жаңылоо болуп, ордуна 7000 орунду ат майдан салынган.
2018-жылы ат майдан толугу менен жаңыланып, 10000 орундукка салынып, заманбап талапка ылайык курулган.
Уникалдуу долбоор болуп саналган Чолпон-Ата ат майданы эл аралык маанидеги оюндарды кабыл алып, бардык заманбап талапка жооп берет. Арена толугу менен телефондоштурулуп, интернет байланышы менен камсыздалып, 180 видеокамеранын көзөмөлүндө турат.