Бишкек шаарынын Ак-Кула ат майданы
Ак-Кула ат майданы 1947-жылы салынган. Ал спорттук - ат оюндары өткөн бирден бир ири аянтча болгон. Долбоордун автору беларуссиялык архитектор Владимир Нусов болгон. Аянты 57,4 гектар, 3000 орундуу. Ипподромдо улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп турат. Ат майдан социалдык маанидеги гана объект болбостон, маданий жана тарыхый мурастардын тизмесине кирген.