Болот Шерниязов

Туулнан жылы - 1959-жыл, 1-май

Туулган жери - Талас облусу, Манас району, Пушкин айылы
Билими:
1982 —  Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин бүткөн.
1988 — СССР ИИМинин Фрунзедеги адистештирилген орто мектебин аяктаган.
Эмгек жолу:

1988-1991 — Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында иштеген;
1991-1994 — Жеке фирманын жетекчиси;
1994 — Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылдык кеңешинин элдик депутаты;
1998 — Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган. Көк бөрү федерациясын негиздеп, эрежелерди түзүп, көк бөрү улуттук оюнун жолго салынышына, жайылтууга зор салым кошкон негизги инсандардын бири.
2000 — Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты;
2001 — Эл аралык Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы;
2005 — Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары;
2010 — 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри, ноябрдан тарта Жогорку кеңештин депутты;
2020-жылдын 21-июнунда дүйнө салган.

Биздин партнерлер