Аскар Салымбеков

Туулган жылы - 1955-жыл, 9-февраль

Туулган жери - Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы
Билими:

1977 — Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган;

1990 — Ушул эле жогорку окуу жайдын экономика факультетин бүткөн.

2003-2009 — Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти. Көк бөрү федерациясынын калыптанышына, эрежелердин түзүлүшүнө, көк бөрүнү жайылтууга, өнүктүрүүгө салым кошкон негизги инсандардын бири.

Эмгек жолу:

1977 – 1979 — Дене тарбия институтунда комсомол комитетинин катчысы;

1981 – 1986 — Кыргызстандын ЛКЖС БКнын (Лениндик коммунисттик жаштар союзунун борбордук комитети) жаштар жана жаш адистер бөлүмүнүн башчысы;

1986 – 1991 — Фрунзе шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы;

1991 – 1993 — Бишкек шаардык аткаруу комитетинин базарлар башкармасынын жетекчиси;

1993 – 1999 — "Дордой" ассоциациясынын президенти;

1999 – 2005 — Нарын облусунун губернатору;

2005 –2010 — Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарынын депутаты.

2005 — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган.

Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөсү.

2006-жылдан бери Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагы ассоциациясынын төрагасы.

Биздин партнерлер