Туулган жылы - 1958-жыл, 31-март
Туулган жери - Жалал-Абад облусу, Майлуу-Сай шаары
Билими: 1989-жылы – Кыргыз Мамлекеттик университетин бүткөн.
2009-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти болгон.
Эмгек жолу:
1979-80-жылдары – Майлуу-Сай шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу мамлекеттик банктын күзөт бөлүмүндө милиционер;
1980-85-жылдары – Майлуу-Сай шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүндө милиционер.
1985-91-жылдары – Өзгөн, Кара-Суу, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмдөрүндө инспектор, нөөмөтчү улук оперуполномочен, СССР ИИМдин регион аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүндө улук оперуполномочен;
1991-93-жылдары – Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн начальниги;
1993-1995-жылдары – оперативдик иштер боюнча башкармалыктын орун басары;
1995-98-жылдары – Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында издөө бөлүмдүн башчысы;
1998–99-жылдары – Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө орун басар;
1999–2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын Ички иштер минстрлигинин регион аралык башкармалыгында бөлүм башчы;
2000–01-жылдары – Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө орун басар;
2001–02-жылдары – Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө башчы,
2002–05-жылдары – Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы;
2005–08-жылдары – Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы;
2008–10-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
2022-жылы 12-февралда дүйнө салган.