Loading...

Көк бөрү: Нооруз-2024 турнири башталды

Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз-2024 Республикалык турнири башталды. Быйылкы оюндар "Ак кула" ат майданында төрт лигага бөлүнүп өтүүдө. Алар: 

-          Жогорку лига - 6 команда,

-          Биринчи лига - 12 команда,

-          Экинчи лига - 16 команда,

-          Легендалар лигасы - 6 команда.

Турнирдин алгачкы күнү Экинчи лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүшүүдө. 15-марттан тарта Жогорку лига жана Биринчи лиганын оюндары башталат. Ал эми 15-марттан баштап Легендалар (ардагерлер) катарга кошулмакчы.

Турнирдин расмий ачылыш салтанаты 15-мартка белгиленген, ал эми финалдык оюндар Нооруз майрамына утурлай 21-мартта өтөт.

2024-03-12 12:46:00

Биздин партнерлер