Loading...

Жогорку лига: Тайпалык оюндар аяктады

Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көкбөрү боюнча Республикалык турнирде Жогорку лигадагы командалардын тайпалык жыйынтыктоочу оюндары болуп өттү. “А” тайпасында жеңилүү ызасын көрө элек "Сары-Өзөн" менен "Мурас" командалары өз тайпасында биринчи орун менен чыгуу үчүн кез келип, оюнда "Сары-Өзөн" командасы күчтүүрөөк болуп чыкты. Бул беттеште оюн 7:0 эсеби менен "Сары-Өзөндүн" пайдасына жыйынтыкталды. 
Ал эми “В” тайпасында "Достук" жана "Ынтымак" командалары тайпадан биринчи болуп чыгуу үчүн оюн талаасында кезигишти. Эки команданын негизги убакыттагы оюну 4:4 эсеби менен жыйынтыкталып, кошумча убакытта командаларда тең эсеп сакталып турду. Натыйжада оюн тагдырын чечүү буллиттер сериясына жетип, Достук командасы 4:3 эсеби менен жеңишти камсыздады. 
Жогорку лиганын оюндары мындан ары жарым финалдык беттештер менен уланат. Анда "Сары-Өзөн" менен "Ынтымак" командасы ойносо, экинчи жарым финалдык жуп болуп "Достук" менен "Мурас" командалары ойномокчу. 

2024-03-17 20:47:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер