Loading...

Жогорку лига: "Ынтымак" - "Достук" финалда кездешет

19-март. Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин алкагындагы бүйүр кызыткан оюндар уланууда.  Бүгүн Аккула ат майданында Жогорку лиганын жарым финалдык оюндары орун алды.

           Алгачкы жарым финалдык беттеште “Сары-Өзөн” менен “Ынтымак” командасы  кез келди. Оюн 5:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын пайдасына жыйынтыкталды. 

Салым салган оюнчулар:

"Ынтымак"

Нуржан Мелисбек уулу 2 салым

Майрамбек Рыспеков 1 салым

Кушчубай Илис уулу 1 салым

Өмүрбек Эсен уулу 1 салым

"Сары-Өзөн"

Эрнист Асылбек уулу 1 салым

Ал эми экинчи жарым финалдык оюн “Достук” - “Мурас” командаларынын ортосунда жүрдү.  "Достук" командасы 11:4 эсебинде жеңишке жетишип, финалга сапар алды.

Салым салган оюнчулар:

"Достук"

Манас Ниязов 4 салым

Апык уулу Медет 2 салым

Улан Насакеев 1 салым

Бексултан Абдыкалил уулу 2 салым

Кыяз Ниязов 1 салым

Карыпбаев Арген 1 салым

“Мурас”

Рустам Тыналиев 1 салым

Жаныш Конушбаев 1 салым

Эржан Талантбек уулу 1 салым

Жаныш Конушбаев 1 салым

Финалда "Ынтымак" - "Достук" командалары кездешет.

2024-03-19 11:16:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер