Бүгүн, 20-мартта көк бөрү боюнча Нооруз республикалык турнирине арналган Экинчи лиганын финалдык оюндары болуп өттү. Алгач 3-орун үчүн "Кара-Шоро" жана "Манас-1" командалары кездешти. 3-1 эсебинде "Манас-1" командасы жеңишке жетишип, 3-орунду камсыздады.
Салым салган оюнчулар:
"Манас-1"
Суйналиев Теңирберди 2 салым
Нурматов Адилет 1 салым
"Кара-Шоро"
Кыялбек Айтбаев 1 салым
Экинчи лиганын финалдык оюнунда "Ак-Илбирс" менен "Талас" командасы кез келди. 1-орун үчүн болгон эки команданын беттеши кызуу жүрдү. Оюн 7:6 эсебинде "Ак-Илбирс" командасынын пайдасына жыйынтыкталып, "Ак-Илбирс" командасы Экинчи лиганын чемпиону болду. Бул жеңиши менен "Ак-Илбирс" командасы Биринчи лигага сапар алды.
Салым салган оюнчулар:
"Ак-Илбирс"
Бакытбек уулу Кутман 4 салым
Кулмырза уулу Бекназар 2 салым
Асанов Бекзат 1 салым
"Талас"
Оморбеков Байтегин 4 салым
Сагынбеков Акыл 1 салым
Догдурбек уулу Абсамат 1 салым