Loading...

Жогорку лига: "Ынтымак" командасы чемпион

Бүгүн, 21-мартта Нооруз турниринин алкагындагы Жогорку лиганын финалдык оюну болуп өттү. Финалда көк бөрүнүн эль-класикосуна айланган “Ынтымак” менен “Достук” командалары кездешти. 3:2 эсебинде “Ынтымак” командасы жеңишке жетишип, Нооруз турниринин чемпиону аталды. Муну менен "Ынтымак" командасы 9-ирет (2007-2014-2017-2018-2019-2021-2022-2023-жылдар) Нооруз турнирин жеңип отурат. 

Салым салган оюнчулар:

“Ынтымак”

Өмүрбек Эсен уулу 1 салым

Кушчубай Илис уулу 1 салым

Майрамбек Рыспеков 1 салым

“Достук”

Манас Ниязов 1 салым

Кыяз Ниязов 1 салым 

Жогорку лиганын 3-оруну үчүн кайрадан “Сары-Өзөн” – “Мурас” командалары кез келди. Оюн 8:1 эсеби менен менен жыйынтыкталып, “Сары-Өзөн” командасы 3-орунду камсыздады.

“Сары-Өзөн”

Кубаныч Султан уулу 3 салым

Эрнист Асылбек уулу 2 салым

Нурдин Болотбеков 1 салым

Бекназар Аматов 1 салым

Эржан Тургунбаев 1 салым

“Мурас”

Сагынбек Исабеков 1 салым

2024-03-21 13:54:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер