Loading...

Көкбөрү федерациясынын жетекчилиги алмашты

Бүгүн көкбөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде 3 маселе каралды. Алар:

-          Расмий сайттын ачылышы

-          Федерациянын жарым жылдык иши тууралуу маалымат

-          Ар кандай маселелер

Биринчи маселе боюнча көкбөрү федерациянын расмий сайтын түзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Самат Жумакадыр маалымат берип, алдыдагы 9-май турнирине сайтка толуктоолор кирерин, мобилдик тиркеме иштелип жатканын маалымдады.

Ал эми экинчи маселеде, Көкбөрү Федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев акыркы алты айда кылган иштери боюнча маалымат берип, федерациянын алкагында кирген жаңычылдыктар, кеңсенин ачылышы, жаңы турнирлердин форматы, түз эфирдин киргизилиши боюнча маалымат берди. Ошондой эле Жунусалиев бул аралыктагы сарпталган каржылык чыгымдарды ачыктап берди.

Маалыматынын соңунда Рамис Жунусалиев жаңы ипподромду куруу ишин тездетип, көзөмөлгө алуу маселесине өзгөчө токтолду. Бүгүн Ак-Кула ат майданы жабылгандан бери көкбөрү оюну Бишкек шаарында сыртка чыгып калды деген Жунусалиев, жаңы ипподромду курууну көзөмөлгө алууга Курманкул Зулушевдин көмөгү керектигине токтолду. Эгерде Курманкул Зулушев бүгүн айтылган маселелерди көзөмөлгө ала турган болсо, өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө да даяр экендигин айтып, өз сунушун киргизди.

Мындай сунушка Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, макулдугун билдирген соң, Рамис Жунусалиевдин Көкбөрү федерациясынан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу сунушу добушка коюлуп, ошондой эле Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көпчүлүк менен колдоого алынды.

Өз кезегинде жаңы шайланган Көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, федерациядагы азыркы команда толугу менен алдыдагы 9-май турнирине даярдык көрүүгө киришерин билдирди. Ал Федерация ичиндеги жумуштун ыргагы уланыш үчүн Рамис Жунусалиевди дароо Биринчи вице-президент кылуу тууралуу сунуш киргизип, колдоо тапты. Ошондой эле алдыда аламан, торпок, жер улак өңдүү бардык улак оюндарынын түрлөрүн Көкбөрү федерациясынын алкагына кирерин, улактын түрлөрүн өнүктүрүү боюнча кошумча вице-президенттер менен бирге иш алып баранын билдирди.

2024-04-19 14:20:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер