Loading...

Экинчи лига командаларына арыз терезеси ачылды

9-май Улуу жеңиш күнүнө арналган көкбөрү боюнча Республикалык турнирге 2-лиганын командаларына курамдарды кабыл алуу башталды. Оюнчу жана аттардын курамын kokboru.net сайтында, командалар өздөрүнө таандык логин жана сыр сөз аркылуу толтурушат. Катышуучу командаларга буга чейин Нооруз турниринде берилген логин, сыр сөз күчүндө калат, ал эми Экинчи лигага жаңыдан катталып жаткан команда, Көкбөрү федерациясынын кеңсесинен командага берилүүчү логин, сыр сөз алып кетиңиздер. Оюндар Чолпон-Ата ат майданында өтөт.

Экинчи лигага катышуучу командалардын тизмеги:

1.       Талас шаары

2.       Манас-1

3.       Кара-Шоро

4.       Асанбек-Ата

5.       Ичке-Суу

6.       Ала-Арча

7.       Казарман

8.       Толук

9.       Сары-Камыш

10.   Бийиктик

11.   Аксы

12.   Аманат

13.   Жети Дубан-92

14.   Бапа Барскоон

15.   Аракет-Арал

Экинчи лигага жаңы командаларды каттоо 25-апрельге чейин кабыл алынат. Суроолор боюнча 0507 09 71 71, 0507 58 08 58 номурларына кайрылыңыздар.

2024-04-21 11:43:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер