Loading...

Экинчи лигада командалардын арызын алуу токтотулду

Бүгүн 25-апрелде кечки саат 18:00дө, Экинчи лигага жаңы командалардын арызын алуу токтотулду. Ушул сааттарга 9-май кубогуна Экинчи лигага “Кара-Ой”, “Чүй-Токмок”, “Кетмен-Төбө”, “Шахтер” жана “Бүркүт” командалары катышуу арызын тапшырды. 

Ошол эле учурда 9-май кубогуна Экинчи лигадан “Аксы”, “Аманат”, “Аракет-Арал” командалары ар түрдүү себептеринен катышпасын билдиришти.

Буга кошумча Биринчи лигадан “Ак-Кула” командасы да келе жаткан турнирге катшпоосун билдирген соң, “Манас-1” командасы экинчиден-биринчи лигага жолдомо алды.

Натыйжада 2-лигада төмөнкү командалар оюн көргөзөт:
1.  Талас шаары
2.  Кара-Шоро
3.  Асанбек-Ата
4.  Ичке-Суу
5.  Ала-Арча
6.  Казарман
7.  Толук
8.  Сары-Камыш
9.  Бийиктик
10.  Жети Дубан-92
11.  Бапа Барскоон
12.  Бүркүт
13.  Кетмен-Төбө
14.  Чүй-Токмок
15.  Шахтёр
16. Кара-Ой

2024-04-25 20:27:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер