Loading...

Чолпон-Атада Жеңиш кубогуна арналган турнир старт алды

Бүгүн, 30-апрелде Чолпон-Атадагы ат майданда көк бөрү боюнча 9-май Жеңиш күнүнө арналган республикалык турнир башталды. 

Оюндар төрт лигага бөлүнүп өтөт. 

-          Жогорку лига - 6 команда,

-          Биринчи лига - 12 команда,

-          Экинчи лига - 16 команда,

-          Легендалар лигасы - 8 команда.

Турнирдин алгачкы күнү Экинчи лиганын оюндары менен башталды. 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, бүгүн тайпа ичиндеги алгачкы оюндар орун алууда. 3-майдан тартып Жогорку лига жана Биринчи лиганын оюндары башталат. Ал эми 4-майдан баштап Легендалар лигасынын оюндары башталат. 

 

2024-04-30 10:00:00

Биздин партнерлер