Loading...

Экинчи лига: Биринчи күндөгү оюндардын жыйынтыгы

Бүгүн, 30-апрелде Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Экинчи лиганын тайпа ичиндеги алгачкы оюндары орун алды.

Алгачкылардан болуп оюн талаасында А тайпасынан “Толук” менен “Шахтёр” командалары кездешип, оюн 8-3 эсебинде “Толук” командасынын пайдасына аяктады.

Экинчи оюн А тайпасындагы “Кетмен-Төбө” – “Чүй-Токмок” командаларынын ортосунда болду.  11-0 эсеби менен “Чүй-Токмок” командасы жеңишти камсыздады.

Үчүнчү оюнда В тайпасындагы “Бүркүт” командасы “Кара-Ойду” 3-2 эсеби менен жеңип алды.

Төртүнчү В тайпасында орун алган “Жети-Дубан-92” – “Бапа-Барскоон” командалары беттешип, оюн 3-2 эсеби менен “Бапа-Барскоон” командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

Бешинчи оюнда С тайпасындагы “Талас шаары” 6-2 эсеби менен “Сары-Камыш” командасын жеңип алды.  

Алтынчы болуп С тайпасында орун алган “Ичке-Суу” менен “Бийиктик” командалары кез келди. “Бийиктик” 4-3 эсеби менен жеңишти камсыз кылды.

Жетинчи D тайпасындагы “Казарман” командасы 8-5 эсеби менен “Кара-Шоро” командасын утуп алды.  

Сегизинчи оюн  D тайпасындагы “Ала-Арча” – “Асанбек-Ата” командаларынын ортосунда болду. 6-3 эсеби менен “Ала-Арча” командасы жеңишке ээ болду.

2024-04-30 18:35:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер