Loading...

Экинчи лига: Экинчи турдук оюндардын жыйынтыгы

Бүгүн, 1-май Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Республикалык Жеңиш кубогунун алкагындагы Экинчи лиганын тайпа ичиндеги экинчи турдук оюндары болуп өттү.

Алгач А тайпасынан “Толук” – “Кетмен-Төбө” командалары беттешип, “Толук” командасы 5-0 эсеби менен жеңишке ээ болду.

Экинчи оюнда А тайпасындагы “Шахтёр” – “Чүй-Токмок” командалары кез келди. Оюн 5:3 эсебинде “Шахтёр” командасынын пайдасына жыйынтыкталды.  

Үчүнчү оюнда В тайпасындагы “Жети-Дубан-92”  командасы “Кара-Ойду” 2-0 эсебинде жеңип, алгачкы жеңишин камсыздады.

Төртүнчү В тайпасында орун алган – “Бүркүт” командасы менен “Бапа-Барскоон” командалары беттешип, “Бүркүт” 1-0 эсеби менен жеңишке жетти.  

Бешинчи оюнда С тайпасындагы “Ичке-Суу” менен “Сары-Камыш” командалары кездешип, оюндун негизги бөлүгү 0-0 эсебинде аяктап, булиттер сериясы орун алды. Анда 3:2 эсеби менен “Сары-Камыш” жеңишке ээ болду.   

Алтынчы болуп С тайпасында орун алган “Талас шаары” менен “Бийиктик” командалары беттешип, оюн 5-1 эсебинде “Бийиктик” командасынын пайдасына жыйынтыкталды.  

Жетинчи D тайпасындагы “Казарман” командасы “Ала-Арча” менен беттешип, 7-3 эсеби менен “Казарман” жеңишке ээ болду.   

Сегизинчи оюнда  D тайпасындагы “Кара-Шоро” менен “Асанбек-Ата” командалары кездешти. Оюн 4-2 эсеби менен “Кара-Шоронун” пайдасына жыйынтыкталды.

2024-05-01 19:27:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер