Loading...

Экинчи лига: Жарым финалчылар аныкталды

Бүгүн, 2-май күнү Жеңиш кубогунун алкагындагы Экинчи лиганын тайпа ичиндеги чечүүчү оюндары орун алды.

Алгач А тайпасындагы “Толук” командасы 4-2 эсеби менен “Чүй-Токмок” командасын утуп, 9 упай менен өз тайпасынан суурулуп чыгып, жарым финалга сапар алды. Ал эми экинчи оюнда А тайпасынан “Шахтёр” – “Кетмен-Төбөнү” 11-6 эсебинде утуп тайпасында 2-орунду ээледи.

В тайпасынан “Бүркүт” “Жети-Дубан-92”  командасын 4-3 эсебинде утуп, жарым финалга жол алды. Ал эми “Бапа-Барскоон” “Кара-Ойду” 4-1 эсебинде жеңип, тайпасында 2-орунду камсыз кылды.

С тайпасынан орун алган “Бийиктик” командасы “Сары-Камышты” 4-2 эсебинде утуп, 9 упай менен жарым финалга чыкты. “Ичке-Суу” 7-2 эсебинде “Талас шаарын” утуп тайпада 2-орунду ээледи.

D тайпасынан “Казарман” “Асанбек-Ата” командасын 5-1 эсебинде утуп, 9 упай менен жарым финалга сапар алды. “Кара-Шоро” 4-2 эсебинде “Ала-Арча” командасын утуп тайпалык баскычта 2-саптан орун алды.

2024-05-02 20:55:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер