Loading...

Жогорку лига: “Сары-Өзөн”, “Намыс” алгачкы жеңишин камсыз кылды

Бүгүн, 3-май күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Республикалык Жеңиш кубогунун алкагында Жогорку лиганын оюндары башталды.

Жогорку Лиганын оюндарын “А” тайпасына туш келген “Сары-Өзөн” менен “Ийгилик” командалары ачып берди. Жыйынтыгында “Сары-Өзөн” жааты 10-2 эсебинде жеңишке ээ болду.

Экинчи оюнда “В” тайпасындагы “Намыс” менен “Мурас” командалары күч сынашты. Катуу атаандаштыкта өткөн беттеште “Намыс” командасы 5-4 эсебинде “Мурасты” утуп алды. Белгилей кетсек, Нарындын “Намыс” командасы Бишкек шаарында өткөн “Нооруз-2024” турниринде Биринчи Лигада чемпион аталып, Жогорку Лигага өткөн.

2024-05-03 19:02:00

Биздин партнерлер