Loading...

Биринчи лига: Жарым финалчылар аныкталды

Бүгүн, 5-май күнү Республикалык Жеңиш кубогунун алкагындагы Биринчи лиганын тайпа ичиндеги чечүүчү оюндары жыйынтыкталды.

Алгачкылардан болуп А тайпасындагы “Алтын-Альянс” менен “Ак-Суу” командалары беттешип, 4-2 эсебинде “Алтын-Альянс” командасы жеңишке ээ болуп, өз тайпасынан чыкты.

Экинчи оюнда В тайпасындагы “Ысык-Ата” менен “Ак-Илбирс” командалары кез келип, 5:3 эсебинде “Ысык-Ата” командасы жеңишке жетишип, жарым финалга жол алды.

Үчүнчү болуп С тайпасында жайгашкан “Кара-Кулжа” командасы “Манас-1” командасын 13-1 эсеби менен утуп, жарым финалга чыкты.

Төртүнчү болуп D тайпасындагы “Талас” командасы “Уларды” 4-1 эсебинде утуп, 6 упай менен өз тайпасынан суурулуп чыкты.

Белгилей кетсек, “Талас” командасы Нооруз турниринде Экинчи лигада 2-орунду ээлеп, Биринчи лигага көтөрүлгөн эле.

2024-05-05 16:58:00

Биздин партнерлер