Loading...

Легендалар лигасы: Алгачкы күндүн жыйынтыгы

Бүгүн, 6-май күнү Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Жеңиш кубогуна арналган республикалык турнирге Легендалар лигасы (+ 40 жаш) кошулду. Жалпы 8 команда катталып, эки тайпага бөлүнүштү.

Алгач “А” тайпасында жайгашкан “Сары-Өзөн”, “Жети-Дубан” командалары беттешти. 8-1 эсеби менен “Сары-Өзөн” командасы жеңишти камсыздады.

Экинчи оюнда “А” тайпасындагы “Чүй” менен “Манас-Талас” командалары кез келип, 4-1 эсебинде  “Манас-Талас” командасы жеңишке ээ болду.

Үчүнчү оюн “Талас” жана “Ысык-Көл” командаларынын ортосунда болду. 5:3 эсебинде “Талас” командасы атаандашын утту.

Төртүнчү болуп “Биримдик Ысык-Көл” жана “Бишкек” командалары оюн талаасына чыкты. Оюн 2:0 эсебинде “Биримдик Ысык-Көл” командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

2024-05-06 17:27:00

Биздин партнерлер