Loading...

Экинчи лига: "Казарман", "Толук" командалары финалда

6-май. Чолпон-Ата шаарында Республикалык Жеңиш кубогунун алкагындагы оюндар уланууда. Бүгүн өтө бүйүр кызыткан Экинчи лиганын финалга тете болгон жарым финалдык оюндары орун алды. Анда А тайпасынан чыккан "Толук" менен В тайпасынан чыккан "Бүркүт" командалары күч сынашты. Биринчи бөлүктө дээрлик эсеп саны ачылган жок. Кийинки эки бөлүктө "Толуктун" оюнчулары 3 салым жаратып, 3:0 эсеби менен "Бүркүт" командасын утуп, финалга сапар алды.

Экинчи жарым финалдык оюнда С тайпасынан чыккан "Бийиктик"  жана D тайпасынан чыккан "Казарман" командалары кез келди. Оюн өтө курч таризде өттү. Биринчи бөлүктө "Казарман" үстөмдүк кылса, экинчи бөлүктө бир упай айрымачылыгы менен "Бийиктик" артыкчылык кылып турду. Үчүнчү бөлүктө "Казармандын" оюнчулар 3 салым салып, эсепти 6-5ке айландыра алды. Муну менен "Казарман" командасы финалга чыкты. 

2024-05-06 18:45:00

Биздин партнерлер