Loading...

Легендалар лигасы: “Манас-Талас” жана “Талас” командалары финалда

Бүгүн, 7-май күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Республикалык Жеңиш кубогунун алкагында Легендалар лигасынын чечүүчү оюндары болуп өттү.  

Алгач оюн талаасында А тайпасында бирден жеңишти камсыздаган “Сары-Өзөн” жана “Манас-Талас” командалары кез келди. 4:3 эсеби менен “Манас-Талас” командасы жеңишке жетип, финалга жол алды.

Экинчи оюнда “В” тайпасынан бирден жеңишти камсыздаган “Биримдик Ысык-Көл” жана “Талас” командалары беттешти.  “Талас” 4-0  эсебинде атаандашын утуп, финалга чыкты

2024-05-07 12:38:00

Наши партнеры