Loading...

Биринчи лига: “Талас” – “Ысык-Ата” командалары финалда кездешет

Бүгүн, 7-май күнү Республикалык Жеңиш кубогунун алкагындагы Биринчи лиганын жарым финалдык оюндары орун алды.  

Алгачкы жарым финалдык оюнда “Алтын-Альянс” менен “Ысык-Ата” командалары беттешип, оюндун негизги бөлүгү 3-3 эсеби менен жыйынтыкталды. Кошумча мүнөттө “Ысык-Ата” алтын салымды жаратып, финалга бет алды.

Экинчи жарым финалдык оюн “Кара-Кулжа” менен “Талас” командасынын ортосунда жүрдү. 7:2 эсебинде “Талас” командасы ишенимдүү жеңишти камсыздап, финалга жол алды.

Финалдык оюн 9-май күнү 9:00гө белгиленди.

2024-05-07 20:10:00

Биздин партнерлер