Loading...

Жогорку лига: "Сары-Өзөн" - "Ынтымак" финалда

Бүгүн, 8-май күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Республикалык Жеңиш кубогунун алкагында Жогорку лиганын жарым финалдык оюндары болуп өттү.  

Алгачкы оюн “А” тайпасындагы “Достук”, “Сары-Өзөн” командалары беттешип 3-2 эсебинде “Сары-Өзөн” командасы финалга жолдомо алды.

Салым салган оюнчулар:

"Сары-Өзөн"

Кубаныч Султан уулу 2 салым

Арген Абдыллаев 1 салым

"Достук"

Абдикалил уулу Бексултан 1 салым

Манас Ниязов 1 салым

Экинчи оюнда “В” тайпасындагы “Ынтымак” менен “Намыс” командалары беттешти. 7-2 эсебинде  “Ынтымак” командасы ишенимдүү жеңишти камсыздап, финалга жол алды.

"Ынтымак"

Өмүрбек Эсен уулу 3 салым 

Майрамбек Рыспеков 2 салым

Нуржан Мелисбек уулу 1 салым

Кушчубай Илис уулу 1 салым

   "Намыс"

Дастан Русланов 2 салым

2024-05-07 21:57:00

Биздин партнерлер