Бүгүн, 8-май күнү Республикалык Жеңиш кубогунун алкагындагы Экинчи лиганын финалдык оюндары болуп өттү.
Финалдык оюн “Казарман” жана “Толук” командасынын ортосунда жүрдү. 6-1 эсебинде “Казарман” командасы жеңишке ээ болуп, Экинчи лиганын чемпиону аталды.
Салым салган оюнчулар:
“Казарман”
Мирлан Байыш уулу 3 салым
Султан уулу Бакай 2 салым
Руслан Нурбеков
“Толук”
Алтынбек уулу Бекболсун
Ал эми 3-орун үчүн “Бийиктик” жана “Бүркүт” командалары кездешти.
Оюн 4-1 эсебинде “Бийиктиктин” пайдасына аяктап, 3-орунду камсыздады.
Салым салган оюнчулар:
“Бийиктик”
Акылбек уулу Келдибек
Уларбек уулу Бакытбек
Икрам уулу Динмухамбет
Асыгалиев Камбар
“Бүркүт”
Өзгөнбай уулу Мыктыбек