Loading...

Легендалар лигасында “Талас 40 жаш” командасы чемпион аталды

Бүгүн, 8-май 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча Республикалык Жеңиш кубогунун оюндары уланууда. Бүгүн Легендалар лигасынын финалдык оюндары орун алды. Финалда “Талас 40-жаш” жана “Манас-Талас” командасы кез келди. Оюн 6-3 эсебинде “Талас” командасынын пайдасына аяктап, Жеңиш кубогунун чемпиону аталды.

Салым салган оюнчулар:

“Талас”

Эшиев Карыпбек 3 салым

Урмат Шерипбеков 1 салым

Эгембердиев Атайбек 1 салым

Кабылбеков Тынчтык 1 салым

“Манас-Талас”

Кунасов Шамиль 1 салым

Кенжетай Акпаралиев 1 салым

Керимкулов Сарпек 1 салым

Ал эми 3-орун үчүн Сары-Өзөн жана Биримдик командалары ат салышты. 4:1 эсебинде жеңишке жетишип, “Сары-Өзөн” 3-орунду камсыздады.

Салым салган оюнчулар:

“Сары-Өзөн”

Мирлан Сраждинов 1 салым

Темир Молдокулов 1 салым

Эсеналиев Эрнис 2 салым

“Биримдик Ысык-Көл”

Асанов Азим 1 салым

 

2024-05-08 15:21:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер