Loading...

“Талас” командасы Биринчи лиганын чемпиону болду

Бүгүн, 9-май Жеңиш кубогунун алкагындагы Биринчи лиганын финалдык оюну болуп өттү. 12 команданын арасынан суурулуп финалга жол алган “Талас” жана “Ысык-Ата” командалары кез келди. Финалдык беттеште эсеби менен “Талас” командасы жеңишти камсыздап, Биринчи лиганын чемпиону аталды. Муну менен “Талас” командасы Жогорку лигага сапар алды. 

Салым салган оюнчулар:

“Талас”

Оморбеков Байтегин 4 салым

“Ысык-Ата”

Шайлообеков Тариел 1 салым

Элдияр Шахтарбек уулу 1 салым

Ал эми 8-май күнү 3-орун үчүн Жарым финалда жеңилүү ызасын тартып калган “Кара-Кулжа” жана “Алтын-Альянс” командалары кез келди. “Кара-Кулжа” 5-1 эсебинде атаандашын жеңип, бул турнирде 3-орунга ээ болду. Белгилей кетсек, Нооруз турниринде “Кара-Кулжа” 2-орунду ээлеген.

Салым салган оюнчулар:

“Кара-Кулжа”

Жаныбек уулу Азамат 2 салым

Сейитказы уулу Айтмерек 1 салым

Сагынали уулу Сабырбек 1 салым

Мамасали уулу Адилет 1 салым

“Алтын-Альянс”

Токтогул уулу Эдилжан 1 салым

2024-05-09 11:44:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер