Loading...

Жогорку Лига: “Достук” 3-орунду ээлесе, “Мурас” Биринчи лигага түштү

Бүгүн, 8-май күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Республикалык Жеңиш кубогунун алкагында Жогорку лиганын 3-5-орундары үчүн болгон оюндары өттү.   

Алгач 5-орун үчүн “Мурас” – “Ийгилик” командалары кездешти. Оюн 3-1 эсебинде “Ийгиликтин” пайдасына аяктап, Жогорку лигадагы ордун сактап калды.

Салым салган оюнчулар:

“Ийгилик”

Баяман Муралим уулу 1 салым

Эржан Төлөбеков 1 салым

“Мурас”

Тыналиев Рустам 1 салым

Жогорку лиганын 3-оруну үчүн “Достук” жана “Намыс” командалары беттешти. Оюн өтө курч таризде өттү. Негизги бөлүк 5-5 эсебинде аяктап кошумча 10 мүнөт берилди, бул убакытта “Намыс” командасы дээрлик чабуулга аракет кылды, бироок кошумча мүнөттө дагы эч ким эсеп санын жаңылай алган жок. Булиттер сериясы орун алып 3-2 эсеби менен “Достук” 3-орунду ээледи.

Салым салган оюнчулар:

“Достук”

Манас Ниязов 3 салым

Кыяз Ниязов 1 салым

Абдикалил уулу Бексултан 1 салым

“Намыс”

Русланов Дастан 3 салым

Абубакр Мамасейитов 1 салым

Астаркул Табышев 1 салым

 

2024-05-08 19:17:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер