Бүгүн, 9-май Жеңиш кубогунун алкагындагы көптөн күткөн Жогорку лиганын финалдык оюну болуп өттү. 6 команданын арасынан суурулуп чыккан “Ынтымак” жана “Сары-Өзөн” командалары Жеңиш кубогу үчүн ат салышты. Финалдык беттеш 4-2 эсеби менен “Ынтымак” командасынын пайдасына аяктап, “Ынтымак Улуу Жеңиш күнүнө арналган турнирдин чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, “Ынтымак” акыркы жолу Жеңиш кубогун 2017-жылы уткан.
Салым салган оюнчулар:
Өмүрбек Эсен уулу 3 салым
Майрамбек Рыспеков 1 салым
Исхак Бекболот уулу 2 салым