Loading...

Кыргызстан - Орусия көк бөрү курамалары достук беттешин өткөрүштү

10-май күнү Кыргыз Республикасынын Көк бөрү боюнча курама командасы Алтай Республикасына келди. Белгилей кетсек, Алтай Республикасында 4-майдан бери тай казан көк бөрү боюнча Орусиянын биринчи чемпионаты өтүп жатат. Анын алкагында бүгүн, 11-майда кыргыз курама командасы Орусиянын көк бөрү боюнча курама командасы менен достук-көрсөтмө беттешин өткөрүштү. Оюндун негизги бөлүгү 5-5 эсеби менен аяктап, кошумча 10 мүнөт берилди. Кошумча мүнөттө Кубаныч Султан уулу эсеп санын жаңылап, Кыргыз курама командасы жеңишке ээ болушту 

Курама команданы төмөнкү оюнчулар түздү:

1. Жолдошбек Орозбаев

2. Манас Ниязов 

3. Кубаныч Султан уулу 

4. Тойчубек Коргонбаев

5. Рустам Тыналиев 

6. Кушчубай Илис уулу 

7. Өмүрбек Эсен уулу 

8. Марлис Койгелдиев 

9. Аалы Назаров 

10. Нурдин Болотбеков 

11. Улан Насакеев 

12. Ильяз Исаков

2024-05-11 15:45:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер