Loading...

Көк бөрү федерациясынын башкармалыгынын жыйыны өттү

Бүгүн, 17-майда Көкбөрү федерациясынын башкармалыгынын кезектеги жыйыны болуп, катышуучулар жакында эле аяктаган 9-май жеңиш күнүнө арналган Республикалык турнирдин жыйынтыгын чыгарышты. Бул турнир азын-оолак кемчиликтер коштолгону болбосо, жалпысынан жакшы деңгээлде өткөндүгү айтылды.

Маселе боюнча Жогорку лига жана Биринчи лигадагы жеңүүчү командаларга турнирдин кубоктору тапшырылды.

 

Ошондой эле күн тартибинде ушул жылдын сентябрь айында Астана шаарында боло турчу 5-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярдык көрүү маселеси талкууланды. Көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, Кыргызстандын атынан көкбөрү жана жер улак (кокпар) боюнча эки курама команда даярдоо керектигин, алар “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын басымдуу оюнчуларынан кураларын билдирди. Бул боюнча катышуучулар өз пикирлерин билдирген соң, кыска мөөнөттө курама команданынын оюнчулары коомчулукка жарыяланышы белгиленди.

2024-05-17 11:54:00
Комментарийлер (3)
Медер
10:15 19-06-2024
жакшы
admin
04:38 02-06-2024
тестовой комммент

Биздин партнерлер