Loading...

Көкбөрү федерациясынын жетекчилигине Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталды

Бүгүн 2-июлда Көкбөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде Кыргызстандык делегациянын Астана шаарындагы акыркы сүйлөшүүлөр талкууланды.  

Маселе боюнча Көкбөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов, сентябрь айында Астана шаарында боло турчу 5-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу казак тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Ал өз сөзүндө, казак кесиптештер менен ДКОдогу көкбөрү оюнунун форматы, калыстар, аттар, ветеринардык талаптар, чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун, маселе боюнча кыргыз-казак тараптар орток пикирди таба алышканын жалпы жыйын катышуучуларына маалымдап өттү.

Рамис Кудайбергенов Казакстандагы сүйлөшүүлөрдөн соң, Көкбөрү федерациясында даярдык иштери кечеңдеп жатканы боюнча федерациянын президенти Курманкул Зулушев менен сүйлөшкөнүн, анын жыйынтыгында ишти тез арада ордунан жылдырууга кошумча адистер керектигине токтолгонун билдирди. Бул сунушту туура деп тапкан Курманкул Зулушев, көкбөрү федерациясынын жетекчилигине жаш, энергиялуу жетекчи керектигине ынанып, кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алгандыгын башкармалыктын жыйынында Р. Кудайбергенов айтып өттү. Бул маселе боюнча Курманкул Зулушев федерациянын жетекчилигине Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин колдоого алаарын билдирген.

Бүгүнкү Көкбөрү федерациянын башкармалыгынын жүрүшүндө, Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин жыйын катышуучулары да кароого алып, бир добуштан колдоого алышты. Натыйжада А.Абылкасымовдун талапкерлиги 17-июль күнү боло турчу Көкбөрү федерациясынын конферециясында Башкармалыктын атынанан сунушталмай болду. Ал эми конферецияга чейин көкбөрү федерациясынын президентининин милдетинин федерациянын уставына ылайык Биринчи вице-президент Нурлан Максутов аткарат.

 

 

2024-07-02 22:10:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер