Loading...

Көкбөрү жана жер улак (кокпар) боюнча улуттук курама команданын оюнчулары медкароодон өтүштү.

Ушул жылдын сентябрь айында Астана шаарында өтө турчу 5-ДКО оюндарына даярдыктын жүрүшүнүн алкагында Кыргызстандык улакчылар медкароого келишти. Улуттук курама командадагы оюнчулардын ден соолугунун абалын КР Президенти жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын дарыгерлери текшеришти. Алар оюнчулардын кан анализинен баштап, бардык дене мүчөсүнүн абалын медкароого алышты.

Медициналык кароонун толук жыйынтыгы ушул жума ичи чыкмакчы жана ага ылайык көкбөрү федерациясы Улуттук курама командага кирген көкбөрү жана жер улак (кокпар) команданын курамын жарыялайт. 

2024-07-04 18:35:00
Комментарийлер (6)
нурсултан
01:04 05-07-2024
тизме качан чыгат?
Назарбек Орозбеков
01:07 05-07-2024
Качан чыгат курамдар
Урмат Русланович
10:21 04-07-2024
курам качан чыгат
zama
08:11 04-07-2024
ушул жума ичи чыгат деп жазылып турбайбы, медосмотрдын жыйынтыгы чыксын да
Темир уулу Куштарбек
08:08 04-07-2024
кана тизме алдап болбойт экенсинерго
chyngyzsydykbekov712@gmail.com
06:43 04-07-2024
качан киргизесинер тизмени

Биздин партнерлер