Loading...

Казакстан Көчмөндөр оюндарына тайказандарды даярдады

Алдыда боло турчу Көчмөндөр оюндарына Эл аралык көкбөрү ассоциациясынын тынымсыз эмгеги керек. Эл аралык деңгээлде өтүп жаткан көкбөрү оюндарына Эл аралык көкбөрү ассоциациясы түзмө түз аралашып иш кылат эмеспи. Мына ошондуктан Эл аралык көкбөрү ассоциациясында көптөгөн аткарылчу иштер тургандыктан Курманкул Зулушев Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын жетекчилигин өз ыктыяры менен тапшырып, бир беткей эл аралык ассоциацияны алып кетүүнү чечти.

Албетте, көкбөрүнүн эл аралык деңгээлде өнүктүрүү иштеринин чети оюлбай турат. Бул спортту дүйнөгө таанытуу үчүн тынымсыз мээнет керек. Ал эми Курманкул Зулушев буга чейин Эл аралык көкбөрү ассоциациясынын башында туруп Орусия, Өзбекстан эми Казакстанга өз каражатынан стандарт тайказандарды орнотуп берди.

Айта кетсек Казакстанга бир учурда төрт даана тайказанды атайын Кыргызстандан адистерди жөнөтүп жасатты. Дал ошол казандарга буйруса күз мезгилинде Көчмөндөрдө дүйнө өлкөлөрү көкбөрү ойношот. Бул жаатта Курманкул Зулушевдин мээнети абдан чоң. Ошондуктан Кыргызстандын улуттук көкбөрү федерациясы өз алдынча болсо өнүгүүгө өбөлгө тузөөрун белгилеп, ордун жаштарга бошотуп берип жатканы дагы кыргыз көкбөрүсүн жаңы деңгээлге алып чыгат деп ишенебиз.

Эл аралык көкбөрү ассоциациясы менен Улуттук көкбөрү федерациясы ар дайым биргеликте иш алып барарын билдиребиз.

2024-07-06 13:02:00
Комментарийлер (1)
Касымбеков Эрлан
10:46 07-07-2024
👍👍👍👍👏👏👏👏👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Биздин партнерлер