Loading...

"Талас" - "Ийгилик" командалары Орусия курама командасына жардам берет

Бүгүн Ысык-Көл облусунда Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев Россия Федерациясынын көкбөрү ассоциациясынын жетекчиси Сергей Савин менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Астана шаарында боло турчу 5-ДКО оюндары жана эки өлкө ортосунда көкбөрүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Сергей Савин Орусия курама командасы Көчмөндөр оюндарына көкбөрү жана жер улак боюнча бара турганын айтып, учурда командада аттар боюнча көйгөй бар экендигин түшүндүрдү.

Ал эми Жунусалиев, өз сөзүндө Орусияга Кыргызстан колдон келген көмөгүн көрсөтөрүн, аттар боюнча маселеде Орусиянын командасына Кыргызстандын “Ийгилик” жана “Талас” командасы аттар менен күчтөшүүгө даяр экендигин белгилеп өттү. 

Бул сунуштарга канааттанган Сергей Савин, август айында Орусиянын эки курама командасы окуу машыгууга Ысык-Көлгө келерин, андан соң Кыргызстандан Астана шаарына жөнөп кетерин билдирди.

2024-07-15 22:50:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер