Loading...

Көк бөрү федерациясынын президентинин милдетин Рамис Жунусалиев аркалайт

Президенттин кубогуна катышпаган командаларга санкция каралбайт

Бүгүн Көкбөрү федерациясынын кезексиз жыйынында катышуучулар август айында боло турчу Президенттин кубогунун форматы боюнча талкуу кылышты. Катышуучулар Көчмөндөр оюндарына даярдыкты көрүү приоритеттүү багыт болуп тургандыктан, Президенттин кубогуна командаларды өз каалоосу менен катышууга укук берүү сунуштарын беришти. Ошол эле учурда Президенттин кубогуна келбей койгон командалардын кийинки жылга 9-май турнирине ээ болгон квоталарын сактоо менен өткөрүү оюн айтышты.

Натыйжада, Көкбөрү федерациясынын Башкармалык мүчөлөрүнүн бирдиктүү колдоосу менен КР Президентинин кубогу август айында бир лиганын алкагында гана өтмөй болду. Катышууну каалаган Экинчи жана Биринчи лиганын командалары бир лигада оюн көрсөтүшөт. Ал эми кубоктон катышуудан баш тарткан командага Көкбөрү федерациясы тарабынан эч кандай санкция каралбайт. Мындан башка кубокто Легендалардын кубогу өткөрүлбөйт. 

Ошондой эле жыйындын экинчи маселесинде Көкбөрү федерациясынын 17-июль күнү боло турчу Конферециясы айрым жагдайлардан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ал эми Көкбөрү федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу Нурлан Максутов уставга ылайык бул кызматты Рамис Джунусалиевге өткөрүп берди. Бул чечимди ал учурда Көчмөндөр оюндарына даярдык иштерине Рамис Джунусалиев тыгыз каралашып жаткандыктан, жаңы жетекчи шайланганга чейин Көкбөрү федерациясынын президентинин милдетин аткарып турганы максатка ылайык болот деген оюн билдирди.

Белгилей кетсек Рамис Джунусалиев 2023-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын май айына чейин КР Көкбөрү федерациясынын президентинин кызматын аткарып келген.

2024-07-16 01:10:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер