Loading...

“Манас” университети көк бөрү жаатында илимий изилдөө иштерин баштады

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин спорт илимдери факультети көк бөрүчүлөр арасында илимий изилдөө иштерин баштады. КТМУнун салттык оюндар изилдөө институтунун директорунун орун басары Уланбек Алимовдун билдирүүсүндө, изилдөөнүн жыйынтыгы менен атайын окуу китептери басылып чыгып, машыктыруучуларга сунуштамалар берилет.

 

– Изилдөөдө оюнчулардын турнирге чейинки даярдык учурундагы кан басымы, жүрөк согушу, эмоционалдык-психикалык абалы жана бардык ден соолугу текшерүүдөн өтүп турат. Ошондой эле оюн учурунда жана оюндан кийин дагы илимий текшерүүлөрдү өткөрүп, алардын жыйынтыгы менен илимий негиздемелерди чыгарабыз, - деди Алимов.

 

Кыргызстандын жогорку квалификациялуу көк бөрүчүлөрүнүн функционалдык-физикалык даярдыгын аныктоо долбоорунун алкагында учурда улуттук курама командага кирген 18 оюнчу илимий изилдөөдөн өтүп баштады.

Уланбек Алимов бул иликтөө август айындагы Президенттин кубогуна катышкан оюнчулар арасында да өтөөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, КТМУнун салттык оюндар изилдөө институту буга чейин аттар боюнча илимий изилдөө жүргүзгөн. 

2024-07-18 15:27:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер