Loading...

Көк бөрүчүлөргө айлыктары берилди

Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жаткан көкбөрү жана жер улак боюнча курама команданын оюнчуларына шыктандыруучу каражаттар берилди. 

Көк бөрү федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу Рамис Джунусалиев, бул каражатты чегерүү үчүн демөөрчүлөргө кайрылып, жыйынтыгында атын атагысы келбеген инсандар көк бөрүчүлөргө каржылык колдоо көрсөтүүгө макул болгонун билдирди. Натыйжада 18 оюнчу, 3 машыктыруучу, 4 атчы, 2 саяпкер жана 2 видеографка акчалай каражаттар ыйгарылды.

Рамис Джунусалиев 50 миң сомдон алган улакчыларга кайрылып, алдыда ушул өңдүү каржылык чегерүү дагы болорун белгилеп өттү.

2024-07-18 21:01:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер