Loading...

Рамис Джунусалиев Көкбөрү федерациясынын президенти болуп шайланды

Бүгүн 21-июль күнү Көкбөрү федерациясы Чолпон-Ата шаарында кезексиз курултай өткөрдү. Жыйынга облус өкүлдөрү, команда жетекчилери, башкармалык мүчөлөрү жана Улуттук курамадагы көкбөрүчүлөр болуп 69 делегат катышты.

Күн тартибине Көкбөрү федерациясынын президентин шайлоо боюнча жалгыз маселе койулуп, талапкерликке Айбек Абылкасымов менен Рамис Жунусалиев сунушталды. Жыйын жүрүшүндө А.Абылкасымов көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылыгын айтып, өз ысымын талапкерликтен алып салды. 

Натыйжада жалгыз талапкер Р.Джунусалиевдин талапкерлиги катышуучулар тараптан бир добуш менен колдоого алынып, Көкбөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Ал өз сөзүндө учурда Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана катышуу приоритеттүү багыт экенин айтып, бардык катышуучуларды Кыргызстан курама командасынын алдында биригүүгө чакырды.

Белгилей кетсек Рамис Джунусалиев 2023-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын май айына чейин КР Көкбөрү федерациясынын президентинин кызматын аткарып келген. Май айында бул кызматка К.Зулушев келип, июль айынын башында кеткен. Андан соң Рамис Джунусалев бүгүнкү күнгө чейин президенттин милдетин аткарып келе жатты.

2024-07-21 17:44:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер