Көк бөрү федерациясынын президентинин буйругуна ылайык, Жеңишбек Сапаров федерациянын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси кызматынан бошотулуп, анын ордуна Руслан Өмүралиев дайындалды.
Көк бөрү федерациясынын жалпы жамааты жаңы дайындалган жетекчиге ийгиликтерди каалоо менен Нарын облусунун командалары Республикалык оюндарда ийгиликтерди алып келишине тилектеш!