Loading...

Чүй облусунун Көк бөрү федерациясынын президенти болуп Мирбек Мияров шайланды

Бүгүн Чүй облусунун Көк бөрү федерациясынын съезди болуп өттү. Президент Айбек Абылкасымов өз каалоосу менен кызматынан кетти. Жыйында Мирбек Мияров Чүй облусунун Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Мирбек Мияров 2019-жылдан тартып Ысык-Ата районунун Көк бөрү федерациясынын президенти болчу жана "Ысык-Ата" көк бөрү командасын жетектеп келген. Көк бөрү федерациясынын жалпы жамааты Мирбек мырзанын ишине ийгилик каалайт жана Чүй облусунун Көк бөрү тармагынын дагы да өнүгө беришине тилектеш. 

2024-08-07 15:55:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер