Бүгүн, 28-август күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна арналган турнирдин алкагындагы 1/8 финалдык оюндар болуп өттү.
Алгачкылардан болуп “Казарман” менен “Ак-Суу” командалары беттешип, 5:3 “Казарман” командасы алгачкы жеңишин камсыздады.
Экинчи оюнда “Бийиктик” командасы “Талас шаары” командасын 7:0 эсебинде утуп, 1/4 финалдык оюнга жол алды.
Үчүнчү болуп оюн талаасында “Ак-Илбирс” – “Бапа-Барскоон” командалары кез келди. “Ак-Илбирс” 10:0 эсеби менен ишенимдүү түрдө алгачкы жеңишин камсыздады.
Төртүнчү оюн “Асанбек-Ата” менен “Алтын-Альянстын” ортосунда жүрүп, 4:2 эсеби менен “Асанбек-Ата” командасы жеңишке ээ болду.
Бешинчи болуп “Чүй-Токмок” – “Кара-Ой” командалары кез келди.
“Чүй-Токмок” 5:1 эсеби менен жеңишке жетишти.
Алтынчы оюнда “Ысык-Ата” менен “Ала-Арча” беттешти. 9:0 эсебинде “Ысык-Ата” командасы жеңишке жетишип, 1/4 финалга сапар алды.
Белгилей кетсек, турнир Биринчи лиганын алкагында олимпиадалык системанын негизинде өтүп жатат.