Бүгүн, 29-август күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна арналган турнирдин алкагындагы 1/4 финалдык оюндар болуп өттү.
Биринчи оюнда “Шахтёр” менен “Ичке-Суу” алгачкы оюндарын өткөрүштү. 6:1 эсеби менен “Шахтёр” командасы жеңишке жетишти.
Экинчи болуп оюн талаасында “Казарман” - “Бийиктик” командалары беттешип, 3:1 эсебинде “Бийиктик” командасы жеңишти камсыздап, жарым финалга жолдомо алды.
Үчүнчү болуп “Ак-Илбирс” – “Асанбек-Ата” командалары кез келди. “Ак-Илбирс” 6:3 эсеби менен атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты.
Төртүнчү оюн “Чүй-Токмок” менен “Ысык-Ата” командаларынын ортосунда жүрдү. Оюн 4:2 эсеби менен "Ысык-Атанын" пайдасына жыйынтыкталып, “Ысык-Ата” жарым финалды көздөй сапар алды.