Бүгүн, 30-август күнү көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна арналган турнирдин жары финалдык оюндары орун алды.
Биринчи оюнда “Шахтёр” менен “Бийиктик” командалары беттешти. Оюн 7:3 эсебинде “Шахтёрдун” пайдасына жыйынтыкталып, “Шахтёр” командасы финалды көздөй жол алды.
Экинчи болуп оюн талаасында “Ак-Илбирс” менен “Ысык-Ата” командасынын реванштык оюну орун алды. 6:2 эсеби менен “Ак-Илбирс” командасы жеңишке ээ болуп, финалды көздөй бет алды.
“Шахтёр” – “Ак-Илбирстин” финалдык беттеши 31-август күнү 16:30да орун алат. Ал эми “Бийиктик” менен “Ысык-Атанын” 3-орун үчүн болгон оюну эртең саат 9:00дө башталат.