Бүгүн, 31-август Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна арналган турнирдин көптөн күткөн финалдык оюну орун алды.
Кубок үчүн “Шахтёр” жана “Ак-Илбирс” командалары күч сынашты. Биринчи бөлүктө “Ак-Илбирс” 2 салым салып үстөмүк кылса, экинчи бөлүктө 2 салым жаратып “Шахтёр” командасы эсепти теңеп кетти. Оюндун үчүнчү бөлүгү 3:3 эсеби менен аяктап, алтын салым үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Бакытбек уулу Кутман алтын салымды салып, “Ак-Илбирске” жеңиш алып келди.
Салым салган оюнчулар:
Кулмырза уулу Бекназар 2 салым
Замирбек уулу Талант
Бакытбек уулу Кутман
Назаркулов Жолдош 3 салым
Турнирдин мыкты оюнчусу "Ак-Илбирсте" 11-катар санында ойногон Бакытбек уулу Кутман аталса, мыкты аргымагы "Шахтёр" командасынын 2-катар санындагы Аю аргымагы болду.